Көп клеткалуулар – денеси көп клеткадан жана клетка аралык заттан турган татаал түзүлүштүү организмдер (жаныбарлар, өсүмдүктөр, козу карындар). Көп клеткалуулардын мүнөздүү белгиси – денесин түзгөн клеткалардын түзүлүшү жана мааниси боюнча бирдей эместиги. Алар түзүлүшүнө, татаалдыгына жараша бир бүтүн организмдеги ар түрдүү функцияларды аткаруучу ткандарды жана органдарды түзөт. Буларга, жеке өөрчүү – онтогенез (вегетациялык көбөйүүнү эске албаганда), бир клеткадан бөлүнүү (зигота, спора) мүнөздүү. Кээ бир колониялуу организмдердин түзүлүшүнүн эволюциянын жүрүшүндө татаалданышынын (көп ядролуулук, колониялуулук) негизинде келип чыккан болушу мүмкүн.

Caenorhabditis elegans.

Колдонулган адабияттар түзөтүү