Көрүү — көрүү органынын жана анализаторлорунун объектилерден чагылган жарыкты, шоолаларды баамдоо менен сырткы чөйрөнү кабыл алуусу, башкача айтканда тышкы дүйнө жөнүндө информация алуу.

Көрүү системасы түзөтүү

Көрүү функциясын атайын клеткалар — фоторецепторлор өтөйт, алардын жарыкты сиңирүү касиети фоторецепция деп аталат. Жарык энергиясынын таасири астында алгачкы учурда аларда рецептордук потенциал, андан сала көздүн түбүндө жайгашкан нейрондордо козголуу болуп, алардан чыккан нерв импульстары мээге жеткирилет.

Көрүү татаал функциялар системасы; ага жарыкты сезүү, жарык спектрлерин (боёк түрүн) ажыратуу, көрүү курчтугу, көрүү айланасынын кенендиги, эки көз тең кирет. Көздүн сезгичтиги айланадагы жарыкка байланыштуу, караңгыда көрүү курчуйт, жарыкта — төмөндөйт. Бул өзгөчөлүк көрүүнүн ыңгайлануусу деп аталат. Ушуга байланыштуу түнкү көрүү, күүгүмдө көрүү, күндүзгү көрүү болуп айырмаланат.

Айлананын жарыгы өзгөргөндө көздүн жарыктын боёк түрлөрүн (спектрлерин) сезгичтиги да өзгөрөт, себеби көздүн торчо кабыгында — колбочка жана таякча деп аталган фоторецепторлор бар. Колбочкалар торчо кабыктын ортосунда жайгашып, сары так деп аталат. Таякчалар анын четинде жайгашат. Сары так (колбочкалар топтолгон жер) даана, так көрүп, борбордук деп аталат.

Колбочкалар жарыкты азыраак сезип, күндүзгү көрүүнү камсыздайт. Ал эми таякчалар жайгашкан четки көрүү анча даана көрсөтпөйт. Таякчалар жарыкты сезгич келип, күүгүмдө же түнкүсүн көрүүнү ишке ашырат. Көрүүнүн жарыкка ыңгайланышы, көздүн сезгичтиги, көрүү пигменттеринин ажыраган санына, карек аркылуу жарык шооласынын өтүүсүнө, нервдердин сезгичтигине жараша болот. Колбочкалар жарыктын боёк түстөрүн (спектрлерин) ажыратууга адистештирилген.

М. В. Ломоносовдун (1756), Г. Гельмгольцтун (1866) теориясы боюнча көрүү торчо кабыгы кызыл, жашыл, көк түстөрдү артыкча сезүүгө ылайыкталган. Жалпысынан жарык шооласы айтылган үч боёктуу түспөлдөн турат, демек, жарыктын ичинде кайсы түс көбүрөөк болсо ал өзүнүн адистештирилген элементине көбүрөөк сиңирилет да, натыйжада жарыктын боёк түстөрүн ажыратууга шарт түзүлөт. Эгерде айтылган 3 компоненттин бирөө тубаса жетишпесе же акырындап бузулса, андай адам ошол боёк түсүн көрбөйт. Бул илдет дальтонизм деп аталат. Буюмду даана же бүдөмүк көрүү жарыкты жана анын түстөрүн кабыл алууга байланыштуу.

Алыстан начар көрүү(миопия) — көрүүнүн кемчилдиги, алысты бүдөмүк көрүү. Ага жарыктын жетишсиздиги, буюмдарды өтө жакын коюп иштөө (китеп окуу, жазуу, кол өнөрчүлүк жана башка) себеп болот. Ал көбүнчө мектепте окуган мезгилден башталып, жаш өткөн сайын начарлай берет.

Алыстан начар көргөндөрдүн көзү бат чарчайт, көп окуганда же жазганда каштын үстү ооруйт, көз алмасын кыймылдатканда көздөн чыбырчыктар көрүнөт. Алыстан начар көргөндөр буюмду так көрүү үчүн аны көзүнө абдан жакындатууга аргасыз болот. Көрүү кемчилиги «чачыратуучу» иймек линзалуу көз айнек менен оңдолот. Ал көзгө күч келүүдөн пайда болгон жагымсыз сезимдерди жоготот.

Жакындан начар көрүү(гиперметропия) — көрүүнүн кемчилдиги, буюмду бүдөмүк көрүү (өзгөчө жакындан). Мында буюмдан чагылган нур көздүн тор кабыкчасына түшпөстөн, анын артына өтүп кетет. Жакындан начар көрүү көздүн тунук челинин жана чечекейинин сындыруу күчүнүн начарлыгына же көздүн алдыңкы-арткы огунун кыскалыгына байланыштуу болот. Ал тубаса же кийин пайда болот. Дээрлик бардык балдар төрөлгөндө жакынды начар көрүшөт, бирок өсүү жана өнүгүү процессинде (10 жаш чамасында) көпчүлүгүнүн көрүүсү калыбына келет.

Көздүү сактоо түзөтүү

 
Адамдын көзү

Адам өзүнүн бүткүл өмүрүн чөйрө менен байланышта өткөрөт. Организм менен чөйрөнү байланыштырууда көптөгөн сезгич органдардын (системалардын) арасынан көз (көрүү) биринчи орунда турат. Жарыкка байланышкан мейкиндиктеги кубулуштар, боёк түстөрү жана башка адамга абдан чоң канааттандырарлык сезим жаратат. Ошондуктан көздү сактоого ар бир киши аракет жасаш керек. Көздүн жакшы көрүүсүн сактоодо туура .

Жарык кылуу чоң мааниге ээ. Үйдүн ичине күндүн жарыгы жакшы түшүү үчүн терезенин айнеги таза болуп, ачык түстөгү парда тагуу сунуш кылынат. Жасалма жарык кылуу үчүн түрдүү лампалар пайдаланылат. Лампанын жарыгы сол жактан келгендей орнотулат. Караңгыда, жүрүп бараткан транспортто, басып баратып окуган өтө зыян. Көзгө күч келтирип иштегендер 30—40 мин. сайын 10 минутадай көздү эс алдыруу керек. Телекөрсөтүүлөрдү караганда экрандан 2,5 м алыс отуруп, бөлмөнү бир аз жарык кылуу талапка ылайык. Боёк түстөрүнүн контрасттарын туура пайдалануу жакшы жана оң эмоциялык сезим түзөт. Көз чарчаганда жумуш өндүрүмдүүлүгү төмөндөп, көздү ар кыл ооруларга чалдыктырат. Көз тубаса начар болсо, аны өз убагында, көз айнек менен туура коррекциялоо зарыл.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8