"Көңүл чордонунда" (англ. Spotlight; орус. В центре внимания) - 2015-жылы Том Маккарти тарткан өмүр-баян криминалдык драма. Сценарийин жазган Маккарти жана Жош Сиңер. Тасмада Американын илгертен келаткан "Boston Globe" гезитинин АКШда көп жылдан бери иштеп жүргөн "Spotlight" журналисттик изилдөөчү тобунун Бостон штатындагы көптөгөн католик попторунун жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү ишин изилдөөсү чагылдырылган. Тасма 2003-жылы "Элге кылган кызматы үчүн" Пулитзер сыйлыгын алган "Spotlight" тобунун изилдөөлөр сериясынын негизде тартылган. Тасмага тартылгандар: Марк Руффало, Майкл Китон, Рейчел Макадамс, Жон Слаттери, Стэнли Туччи, Брайан Дарки Жеймс, Лев Шрайбер жана Билли Крудап.

Көңүл чордонунда
Режиссеру Том Маккарти
Продюсер Блай Пагон Фауст
Стив Голин
Никол Роклин
Майкл Шугар
Сценарийи Том Маккарти
Жон Сиңер
Оператору Масаобу Такаянаги
Тартылгандар
Музыкасы Говард Шор
Редактору Том Макардл
Студия
Жайылтуучу Open Road Films
Чыккан жылы
  • сентябрь 3, 2015 (2015-09-03) (Венеция)
  • ноябрь 6, 2015 (2015-11-06) (АКШ)
Узактыгы 129 мүн. [1]
Өлкөсү  АКШ
Тили англис
Бюджети $20 млн [2]

"Көңүл чордонунда" 72-Венеция эл аралык фильм фестивалынын "Конкурстан сырткары" бөлүмүндө көргөзүлгөн. Ошондой эле тасма Теллурид фильм фестивалында жана 2015-жылы Торонто эл аралык фильм фестивалында Өзгөчө бетачарлар бөлүмүндө көргөзүлгөн. Тасманы "Open Road Films" 2015-жылдын 6-ноябрында прокатка чыгарылып, дүйнөлүк аренадан $90 млн киреше тапкан. Тасма көптөгөн уюмдардын сыйлыгын алган жана көпчүлүк басылмалар тарабынан 2015-жылдын мыкты тасмасы деп табылган. Тасма Оскардын алты наамына талапкерлиги көргөзүлүп, "Эң мыкты тасма" жана "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын утуп алган. "Open Road Films" өндүргөн тасма алгачкы жолу бул категорияларда сыйлык алган. Бул тасма "Lionsgate, Summit" студиясына салыштырмалуу чакан студиянын "Эң мыкты тасма" сыйлыгын алган алгачкы эмгеги (кийинчерээк "Lionsgate" бул студияны сатып алган).

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. SPOTLIGHT (15). British Board of Film Classification (October 27, 2015). Текшерилген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  2. Watching the Watchers: Tom McCarthy on Making Spotlight. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2015.