Лаборатория(Тажрыйбакана) (лат. laboro – иштейм) – илимий мекеме, долбоорлоо-конструкциялоо, өнөр жай, айыл чарба , байланыш, транспорт, саламаттык сактоо, маданият жана башка мекемелерде илимий изилдөө, өндүрүштүк көзөмөлдөө жана окуу экспериментин жүргүзүүчү ишкана же бөлүм. Лаборатория министрлик, ведомство жана башка илимий мекемеде өзүнчө структуралык бөлүкчө боло алат. ЖОЖдордо окуу (лабораториялык сабак өткөрүлүүчү) лабораториясы, проблемалык (ири илимий-техникалык изилдөөлөр жүргүзүлүүчү) жана тармактык (эл чарбасында социал-экономикалык маселелер боюнча) лаборатория болуп 3 типке бөлүнөт. Тармактык жана проблемалык лаборатория 1956-жылдан баштап ЖОЖдордо түзүлө баштаган. Тергөө жана сот тармагында, агрохимиялык, өндүрүштүк-көзөмөлдөө лабораториясы, орто билимдүү адистерди даярдоочу окуу жайларында жана мектепте окуу ишине байланыштуу лаборатория, ошондой эле саламаттык сактоо тармагында клиника-диагностикалык жана атайын физиологиялык жана башка лабораториялар бар жана шартка жараша республикалык, облустук, шаардык, райондук болуп бөлүнөт.

Лаборатория.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7