Лабрадор (минерал)Лабрадор жарым аралындагы кендин атынан. Плагиоклаздар тобуна кирүүчү минерал. Альбит менен анортиттин (50–70%) изоморфтуу кошулмасы. Триклин системасында кристаллданат. Өңү түссүз, агыш же бозомук кара. Жарыкта кочкул көк болуп кубулжуйт (ирpизацияланат). Катуулугу 6. С. салмагы 2,7–2,75. Негиздүү магмалык тектердин (габбро, базальт, диабаз) курамын түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7