Лазурит, ляпис - лазурь (лат. lapis – таш, лат. laxur – көгүш) – силикаттар классынын содалиттер тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы (Na2Ca)8 [AlSiO4]6(SO4ClS)2. Куб системасында кристаллданат. Өңү-түсү каралжын көк, кызгылтым көк, көгүлтүр жашыл. Катуулугу 5,5–6. С. салмагы 2,4. Пирит, глауконит жана башка минералдар менен бирдикте, жегичтүү сиениттерге жанаша жаткан акиташ тегинин арасында кездешет. Жогорку сапаттагы лазурит – зергерчиликте, таш имараттарды кооздоодо жана көк түстөгү сүрөт боёгун даярдоодо колдонулат. Ири кендери Афганстан , Тажикстан жана Россияда белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7