Лакснесс Хальдоур Кильян

Лакснесс Хальдоур Кильян (Laxness; өз фамилиясы – Гвюдйоунсон, Gujjonnson, 23. 4.1902, Рейкьявик – 8. 2. 1998, Рейкьявикке жакын Гльюврастейдн хутору) – исландиялык жазуучу. Эмгекчил адамдарга арналган «Салка Валка» (1931–32), «Өз алдынча адамдар» (1934–35) романдарына, сүрөтчүнүн тагдыры жөнүндөгү «Дүйнө жарыгы» (1937–40) төртилтигине, улуттук тарыхты чагылдырган «Исландия коңгуроосу» (1943–46) үчилтигине жана «Атом станциясы» (1948) сатиралык романына социалдык сын, психологизм мүнөздүү. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1955).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7