Ланьчжоу (Гаолань) – Кытайдын түндүк- батышындагы шаар. Ганьсу провинциясынын административдик борбору. Хуанхэ дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1520 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2010). Тогуз жолдун тоому. Коңгуроолуу (салмагы 5 т) Чунцин храмы, Цзинган ак сарайы (узундугу 5 м келген Будданын статуясы менен), храмдар, пагода (бийиктиги 17 м) сакталган. Нефтьхимиялык, машина куруу (нефть, нефть-химиялык өнөр жай үчүн жабдуулар жана башка), химиялык, текстиль, жасалма каучук өнөр жай ишканалары иштейт. Уран байытылат. Университеттер, КЭР ИАнын филиалы, музейлер бар.

Ланьчжоу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7