Латерит (лат. later – кыш, кирпич) – ысык, нымдуу климаттык шартта алюмосиликаттардын физикалык-химиялык жол менен талкаланышынан пайда болгон кызыл түстүү эллювий тектери. Чопо сыяктанып бек, нык, катуу келип, негизинен каолинит, темир кычкылы, гиббсит, титандын кош кычкылы, магнетит жана галлуазиттен турат. Башка тектерден курамында сульфаттар, карбонаттар, гидрослюдалар, туздар, монтмориллонит тобундагы минералдар болбогондугу менен айырмаланат. Жылдык орточо жаан-чачыны 1300–2000 ммден ашык, температурасы 20–30ᵒСтан жогору болгон тропиктик жана субтропиктик алкактарда пайда болот. Мындай шартта жер бети тез ысып, талкалануу процесси катуу жүрөт. Натыйжада кыртыштагы органикалык заттар тез жана толугу менен кычкылданат. Курамындагы кремнезём (SiO2) менен негиздер (Na, K, Ca, Mg) бөлүнүп чыгып, Al, Аe, Ti кычкылдары топтоло берет. Латерит жер шарынын тропиктик алкактарындагы платолордо, дөңсөөлөрдө кездешет. Калыңдыктары бир нече мден 50 мге чейин жетет. Геологиялык пайда болуу мезгили юрадан баштап, азыркы күнгө чейин созулат. Украина, Казакстан, Сибирь, Урал, Орто Азияда чөкмө жана шиленди түрдө орун алган түрлөрү жолугат. Алар менен бирге алюминий, темир, марганец, никель кенташтары, бокситтин ири кендери кездешет. Индияда курулуш үчүн кыш даярдалат.

Латерит (Аргентина‎).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7