Латын Америкасы (испанча Amerika Latina, англ. Latin Amerika) – Түштүк жана Борбордук Америкадагы, Түндүк Американын түштүк бөлүгүндө жайгашкан мамлекеттердин жалпы аты. Аянты 20,5 млн км2. Калкы 451 млн (1998); Европадан көчүп келгендердин тукумдары, индейлер, метистер, негрлер жана мулаттар. Негизинен татаал этностук жана тарыхый процесстердин натыйжасында пайда болгон.

Латын Америкасы.

Латын Америкасынын аймагында 33 мамлекет жайгашкан. Алар Антигуа жана Барбуда, Аргентина, Багама Аралдары, Барбадос, Белиз, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Гаити, Гайана, Гватемала, Гондурас, Гренада, Доминика, Доминикан Республикасы, Колумбия, Коста-Рика, Куба, Мексика, Никарагуа, Панама, Парагвай, Перу, Сальвадор, Сент-Винсент жана Гренадины, Сент-Китс-Невис, Сент-Люсия, Суринам, Тринидад жана Тобаго, Уругвай, Чили, Эквадор, Ямайка мамлекеттери, ошондой эле Улуу Британия, Франция, Нидерланд, АКШнын ээликтери жайгашкан. Бул континенттеги 18 мамлекеттик расмий тили – испан тили. Бразилияда – португал, Гаитиде – француз, Суринамда – нидерланд, ал эми калган мамлекеттерде – англис тилдери. Ошондой эле 10%тен ашыгы түрдүү индей тилдерин жана диалектилерин колдонушат. Калктын көпчүлүгү латын тилинен пайда болгон роман тилинде сүйлөгөндүктөн, континенттин бул бөлүгү Латын Америкасы деп аталган. Кариб деңизине жакын өлкөлөр Кариб Америкасы деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7