Лацис, Вилис Тенисович (29. 4 (12.5). 1904, азыркы Рига шаарынын чегиндеги Ринужи кыштагы – 6. 2. 1966, Рига) – латыш жазуучусу, мамлекеттик ишмер, Латыш ССР Эл жазуучусу (1947). Чыгармалары 1921-жылдан жарыялана баштаган. Туңгуч чыгармалары: «Канатсыз куштар» үчилтиги (1931– 33), «Балыкчынын уулу» (1–2-т., 1933–34), «Жер жана деңиз» (1938) романдары. Кийин латыш элинин социализмге келүү жолун кылдат баяндаган «Бороон» (1945–48; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1949) жана «Жаңы жээкке» (1950–51; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1952) романдарын жараткан. Жети Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери менен сыйланган.

Вилис Лацис
латыш. Vilis Lācis
Вилис Лацис
Латыш ССР Министрлер Советинин (Эл Комиссарлар Советинин) Төрагасы
Андан мурунку: Жайланган
Андан кийинки: Ян Пейве
 

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7