Ла-Корeнья шаарыИспаниянын түндүк-батышындагы шаар. Галисия облусунда, Ла-Корунья провинциясынын административдик борбору. Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан эң ири деңиз порту. Порт комплекси 4 терминалды (нефть, суюлтулган газ, контейнер жана балык) камтыйт. Калкы 244,2 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар.

Римдиктер тарабынан биздин заманга чейин 2-кылымда негизделген. Паласио Мунисипаль ак сарайы (1904), чиркөөлөр, форттор, «Геркулес мунарасы» маягы (2-кылымдын башы), монумент жана башка сакталган. Нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жай, цемент заводдору иштейт. Пиво кайнатылат. Университет, институт, архив, китепкана, музейлер, испан жазуучуларынын үй-музейлери, театр жана башка бар. Туризмдин борбору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7