Лейкоплакия (лейко... ж-a гр. plax, plakos — жалпактык, пластин­ка) — териге чектеш былжыр челде (мис., астыңкы эрин) пайда болуучу ак так (радиусу 0,5 с.иге чейин).

Ал уурт, тил, ооз көңдөйүнүн түбү, кызыл өңгөч, жатын моюнчасы, табарсык ж. б. мүчөнүн былжыр челинде жолугат. Лейкоплакия рак болоор алдындагы оорулар тобуна кирет. Тамеки тартуу, өтүшүп кеткен тиш оору, аракечтик, А, В авитаминозу, жакшы коюлбаган металл тиш (пломба, тиш кабы) анын пайда болушун шарттайт. Ал эки түрдө (жөнөкөй жана сөөлчө Лейкоплакия) учурайт. Лейкоплакия болгон жер­дин сезгичтиги начарлап, ооруйт, дүүлүгүп ысыйт. Хирургиялык жол менен алынып ташталат, электр-коагуляция, нур терапиясы колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.