Лейтмотив (нем. — башкы жетектөөчү, мотив)— көркөм чыгармада өзгөчө болүп көрсөтүлгөн, башынан аягына чейин жүрген башкы мотив. Негизги каарман, чыгармадагы негизги өзөк болуп жүргөн нерсе лейтмотивди түзөт. Мисалы, «Манас» эпосунун лейтмотиви — бытыранды кыргыз журтун бириктирип, аны тышкы душмандардан коргоп туруу, Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинин лейтмотиви — социалисттик коомдогу адамдын турмушу менен сүйүүсүндөгү эркиндиктин даңазаланышы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү