Ленин (Сузак району)

Ленин, Сузак району‎»‎ барагынан багытталды)

Ленин (кырг. Ленин) – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагынын борбору. Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 905 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 30 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1951-ж. негизделген. Калкы 2461 (2009); негизинен жүзүмчүлүктө жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Лицей, орто мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, байланыш бөлүмү, эс алуу паркы бар. Шарап заводу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жана соода жайлары, чайкана, тегирмен, май сыгуучу цехтер жана башка иштейт. Мурда кант заводу иштегендиктен, бул айыл «Кант заводу» деп да аталат.

Ленин
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Жалал-Абад областы

If:

Сузак району

If:Айыл аймагыАйыл аймагы

Ленин айыл округу

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1951

Бийиктиктиги

905

Калкы
Калкынын саны

2461[1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Калкы түзөтүү

Калкы - 2 461 киши.[1] Калып:Kyrgyzstan-stub

Булактар түзөтүү