Ленин мавзолейиВ. И. Лениндин табыттагы сөөгү (1924-ж. 27-январь) коюлган эстелик күмбөз. Кызыл аянтта жайгашкан. 1924-ж. 26- январда Советтердин 2-съездинин аза күтүү жыйынында мавзолей куруу жөнүндө СССР БАКтын чечиминде бекитилип, 27-январга караган түнү убактылуу жыгач мавзолей (долбоору арх. А. В. Щусевдики) тургузулган да, 1-августта көпчүлүк үчүн ачылган. 1929-ж. жол башчынын сөөгүн узакка сактоо мүмкүн экендиги аныкталып, жыгач мавзолейди таш менен (арх. Щусев, И. А. Француз, Г. К. Яковлев) алмаштырууга чечим кабыл алынган. Ленин мавзолейин курууга мрамор, гранит, лабрадорит жана габронорит колдонулган. Салмагы 60 т чулу лабрадорго «ЛЕНИН» деп жазылган. Ленин мавзолейи1931-ж. курулуп бүткөн. Мавзолейдин эки жагына трибуна (арх. И. А. Француз) тургузулган. 1945-ж. борбордук трибуна (А. В. Щусев) курулуп, 1973-ж. жаңы табыт (скульптор Н. В. Томский) жасалган. 1990-жылга чейин Ленин мавзолейи мамлекеттик салтанаттарда (демонстрация, митинг, аскер парады жана башка) өкмөт трибунасынын милдетин аткарган. 1924-ж. 26-январда Москва гарнизонунун начальнигинин буйругу менен Ленин мавзолейине Ардактуу кароол уюштурулуп, СССР кулагандан кийин алынып салынган (1993). Азыркы учурда да каалагандар Ленинди көрө алышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7