Леонард Альберт Кравиц (англ. Leonard Albert Kravitz; 1964-жылы 26-май) - америкалык ырчы, ыр жазуучу, актер жана музыкалык продюсер. Анын "ретро" стили рок, блюз, соул, ритм-н-блюз, фанк, жаз, регги, хард-рок, психоделия, поп, фолк жана баллада жанрларын камтыйт. Бэк жана негизги вокал аткаруудан сырткары, Кравиц үн жаздырууларда өзүнүң музыкалык аспаптары менен ойнойт.

Ал 1999-жылдан 2002-жылга чейин, катары менен төрт жыл "Грэмми" сыйлыгынын "Эң мыкты эркек ырчы" номинациясына татыган, ушуну менен ал эркектер арасында ыраатуу жеңүүлөрү менен рекорд койгон. Ал көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп, ар кайсы номинацияларга талапкер болгон, алардын ичинде: American Music Awards сыйлыгы, MTV Video Music Awards сыйлыгы, Радио музыка сыйлыгы, Brit Awards сыйлыгы жана Blockbuster Entertainment Awards сыйлыгы. Ал ошондой эле VH1 каналдын "100 эң мыкты хард-рок ырчысы" тизмесинде 93-орунга ээ болгон. 2011-жылдын 1-декабрында Кравиц Чыгармачылык жана искусство орденинин офицери болгон. Ал "Ачкачылык оюндары" (англ. Hunger Games) тасма серияларында Цинна аттуу каармандын ролун аткрган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү