Леонид Витальевич Канторович

Леонид Витальевич Канторович (1912-жыл, 6(19)-январь, Санкт-Петербург - 1986-жыл, 7-апрель, Москва) советтик математик жана экономист, сызыктуу программалоону түзгөндөрдүн бири. "Ресурстарды оптималдуу бөлүштүрүү теориясына кошкон салымы үчүн" 1975-жылкы экономика боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты. Физико-математика илимдеринин доктору, профессор.

Леонид Канторович (1975-жыл).

Өмүр таржымалы түзөтүү

1939-жылы Аскердик инженердик-техникалык университеттин математика кафедрасын жетектөөгө макул болгон. Ленинградды коргого катышкан. Согуш учурунда Аскердик деңиз флотунун Аскердик инженердик-техникалык университетинде (орус. кыск. ВИТУ ВМФ) сабак берген, согуштан кийин Ленинград мамлекеттик университетинин (орус.кыск. ЛГУ) Математика жана механика институтунун бөлүм башчысы болгон.

1942-жылдан баштап, Госпланга сунуштарын жолдой баштаган. 1943-жылы Госпландын төрагасы Н.А. Вознесенскийдин кабинетиндеги кеңешмеде Канторовичтин доклады талкууланган. Бирок, Канторовичтин методу эмгек наркынын маркстык теориясына каршы келет (мунун ордуна буржуазия теориясынан жоболорду өзүмсүнгөн) деген жүйө менен четке кагылган.

1948-жылдын ортосунда И.В. Сталиндин буйругу менен Канторовичтин расчеттук тобу өзөктүк куралды иштеп чыгууга катыштырылган. 1949-жылы "функционалдык анализ боюнча эмгектери үчүн" Сталин сыйлыгынын лауреаты болгон.

1958-жылы 28-мартта СССР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган (экономика жана статистика). 1958-жылдан тартып эсептөө математикасы кафедрасын жетектеген. Ошол эле учурда Стеклов атындагы Математика институтунун Ленинград бөлүмүнүн жакындатылган эсептөөлөр бөлүмүн жетектеген.

СССР ИАнын Сибир бөлүмүнүн биринчи чакырыгындагы окумуштуулардын арасында болгон. 1960-жылдан тартып, Новосибирскте жашаган. Ал жерде СССР ИАнын СБнүн Математика институтунун Математико-экономика бөлүмүн жана Новосибирск университетинин эсептөө математикасы кафедрасын негиздеп, жетектеген.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү