Леон, Леон-де-лое-Алдама шаары

Леон, Леон-де-лое-Алдама шаарыМексиканын борборунда жайгашкан шаар, Гуанахуато штатында. Мексика тайпак тоосунун түштүгүндө, деңиз деңгээлинен 1885 м бийиктикте, Турбио дарыясынын боюнан орун алган. Калкы 1,2 млн (2010; шаар айланасы менен 1,7 млн). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн булгаары-бут кийим өнөр жайынын (негизги ишканасы «Саlzado Dingo» (балдардын жана жаштардын бут кийимдери), «Сalzado Velmar S. A. de C. V.» (аялдар менен эркектердики) жана башка компаниялар) башкы борбору. Тери ашатчу жана иштетүүчү ишканалары өнүккөн. Тамак-аш – татымал (пиво кайнатылат, суусундуктар), текстиль, металл иштетүү, химия, целлюлоза-кагаз, эмерек, айнек өнөр жай ишканалары иштейт. Техникалык май өндүрүлөт. Кафедралуу базилика собору (19-к.), чиркөөлөр, саат мунарасы (19-кылымдын 2-жарымы), муниципалитет (1867–69), Кальсада-де-лос-Эрос капкасы, (1893) жана башкалар сакталган. Университеттер, институттар, эл аралык туризм мектеби, бир нече илимий борбор, музейлер, китепканалар бар. Жыл сайын көргөзмө, ярмаркалар, «Ралли Мексика» автомобиль жарышы өткөрүлүп турат. Зоопарк уюштурулган. Туризм өнүккөн. Испандар тарабынан 1576-ж. негизделген.

Леон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7