Лиам Жон Нисон (англ. Liam Neeson;1952-жылдын 7-июнунда туулган) - Түндүк Ирландиялык актер. 1976-жылы Белфастагы "Lyric Players" театрында эки жыл ойногон. Андан кийин "Экскалибур" (англ. Excalibur, 1981) тасмасына тартылган. 1982-1987-жылдарынын аралыгында, Нисон беш кинофильмде роль жараткан; алардын ичинен эң көрүнүктүүлөрү Мел Гибсон менен Энтони Хопкинс менен чогуу катышкан "Баунти (англ. The Bounty, 1984) жана Роберт Де Ниро жана Джереми Айронс менен кошо катышкан "Миссия-кызмат" (англ. The Mission, 1986) тасмалары болду. Ал "Жакын тууган" (англ. Kin, 1989) тасмасында Патрик Суэйзи менен бирге башкы каармандардын ролдорун ойногон.

Liam Neeson (2012)

Актер 1993-жылы "Оскар" сыйлыгын жеңген Стивен Спилбергдин "Шиндлер тизмеси" (англ. Schindler's List) тасмасынде башкы ролу үчүн таанымал болгон. Ал "Майкл Коллинз" (англ. Michael Collins, 1996) тасмасында башкы ролду ийгиликтүү ойногон, андан кийин "Бактысыздар" (Les Misérables, 1998), "Жылдыздуу согуштар" (англ. Star Wars, 1999),"Кинси" (англ. Kinsey, 2004), "Бэтмен: башталыш" (англ. Batman Begins as Ra's al Ghul, 2005),"Туткун" (англ. Taken, 2008–15), "Титандар урушу" (англ. Clash of the Titans, 2010), "Нарния хроникасы" (англ. The Chronicles of Narnia, 2005–10) жана "Карышкырлар менен кармашуу" (англ. The Grey, 2011) сыяктуу тасмаларга тартылган.

Ал көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, анын ичинде "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын, Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Башкы ролдогу эң мыкты актер"номинациясын, жана "Алтын глобус" сыйлыгынын "Көркөм фильмдеги эң мыкты актер" номинациясын жеңип алган. Empire журналы Л. Нисонду "Кино тарыхындагы эң сексуалдуу 100 актер" жана "Бардык мезгилдердин эң мыкты 100 кино жылдызы " тизмелерине кошкон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү