Ливингстон шаарыЗамбиянын түштүгүндөгү шаар. Түштүк провинциясынын административдик борбору. Замбези дарыясынын боюнда, Виктория шаркыратмасынан 11 км аралыкта жайгашкан. Калкы 133,8 миң (2010). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1905-ж. негизделген. Шаардын тарыхый бөлүгүндө колониялык мезгилдин курулуштары (20-кылымдын 1-жарымы) сакталган. Машина куруу (автомобиль, трактор жана башка техникаларды кураштыруу), жыгаччылык, жеңил, тамак-аш, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Ливингстондун аймагына (Замбези дарыясына) ГЭС курулган. Педагогикалык коллеж, улуттук музей (1934; археологиялык, этнографиялык, тарых, африкалык искусство, Д. Ливингстондун өздүк буюмдары), Марамба маданий борбору (ачык асман алдындагы этногр. музей) бар. Ливингстон – туризмдин борбору. Шаарга жакын жерде Моси-оа-Тунья улуттук паркы жана Виктория шаркыратмасынын (туристтик комплекс уюштурулган) бир бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Шаар саякатчы Д. Ливингстондун урматына аталган.

Ливингстон (1999).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7