Лимасол шаары, Лемесос – Кипрдин түштүгүндөгү шаар. Лимасол округунун (епархия) административдик борбору. Жер Ортолук деңизиндеги Акротирион булуңунун жээгинде жайгашкан. Калкы 172,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдө Никосиядан кийинки 2-шаар). Ири порт (жылына 4,4 млн т жүк ташылат).

Лимасол.

Шаардын эски бөлүгүндө Ыйык Екатерина (10-к.), иониттер (13-к.) соборлору, Кебир-Жами мечити (16-кылымдын аягы), түрк мончосу жана башкалар сакталган. Тамак-аш (эт, сүт, май), жеңил, парфюмерия-косметика жана фармацевтика өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, кампустар, китепканалар, музейлер, сүрөт галереясы, театр бар. Эл аралык балет (2000-жылдан), шарап фестивалдары жана карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7