Лимфа тамырлары - организмдин орган менен тканынан вена системасына лимфа агуучу тамырлар.

Лимфа тамырлары.

Ал ар бир органдын ичинде лимфа капиллярларынын кошулушунан пайда болот. Лимфа тамырларылимфа капиллярынан өзүнүн капталынын түзүлүшү (ички, ортоңку жана сырткы), ошондой эле ичиндеги клапандары менен айырмаланат. Майда Лимфа тамырларында булчуң элементтери жок. Мындай Лимфа тамырларынегизинен органдардын ичинде жайгашат. Орто жана жоон Лимфа тамырларынын капталы жакшы өсүп жетилет. Ал эми тамырдын ичинде көп сандаган түгөйлүү клапандар болот. Алар Лимфа тамырларындагы лимфа суюктугун бир багытка, жүрөккө карай гана агызат. Кишинин денесиндеги Лимфа тамырларытери алдындагы, булчуң арасындагы тамырларга бөлүнөт. Алар бири-бири менен кошулуп түрдүү чатышманы түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8