Лирика (грек. – гректердин кылдуу музыкалык аспабы лиранын коштоосу менен аткарылган ырлар дегендин негизинде пайда болгон) – эпикалык жанаа драмалык тектен айырмалуу адабияттын үчүнчү теги болуп, мында турмуш лирикалык каармандын ички сезимдери (кубанычы, өкүнүчү, арзуусу, толкундануусу, түйшөлүүсү ж. б.) аркылуу берилет да, ушул сезимдерден анын дүйнөгө көзкарашы, турмуш жөнүндө ой толгоосу, мамилеси билдирилет.

Байыркы заманда эле Аристотель мындай типтеги чыгармаларда турмушту чагылдыруучу өзүн өзү өзгөртпөй, өзү бойдон каларын айтып өткөн, немис ойчулу Гегель лириканын негизги буюмзат адамдын рухий турмушу, анын идеяларынын жана сезимдеринин дүйнөсү экендигин белгилеген. Автор эпикада сүрөттөп жатканына сырттан, тышкаркы (объективдүү) нерсе катары мамиле кылса, лирикада ичтен, өзү тараптан (субъективдүү) мамиле жасайт.

Лирикага көбүнчө көлөмүнүн чакан болушу, жаңжал сезим-ойлордун өсүшүндө көрүнүшү, акындын ой жүгүртүүдөн улам айткан пикири, туюму, сөзү башкы планга чыгышы, автордун жеке инсандык сапаттарынын көбүрөөк чагылдырылышы, речтин ашкере эмоциялуулугу, салыштыруу, эпитет, метафора, контраст, параллелизм, жандандыруу сыяктуу поэтикалык каражаттардын арбын колдонулушу мүнөздүү.

Лирикалык текке кирүүчү бир чыгарма:

Каалгып ак булуттар көчөсүңөр,
Канча бир жерлер басып өтөсүңөр.
Түрүлүп түгөнбөгөн сапар тартып,
Түнөргөн тоо башына түнөйсүңөр.
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып,
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Олтурам эскерүүдөн ичтен сызып.
Сезгендей айрылаарды коркоор элем,
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.
Кайгынын каран түнүн жарык кылаар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.

(О. Султанов)

Мында лирикалык каармандын махабат өксүгүнөн улам ичинде бук кылган арманы, кусалыгы ак булуттарга жана бизге белгисиз сүйгөн адамына карата сезим аркылуу субъективдүү түрдө айтылууда. Ушуну эпикалык текте баяндоо керек болсо, анда окуя-сюжет киргизилмек, автор узун сабак кеп кылып бермек, эгерде драма жазылса, кыймыл-аракетке, жаңжалга негизделип, сахнанын насилине ылайыкталмак.

Лирика – кыргыз адабиятындагы эң байыркы тектердин бири. Элдик лирика – арман, кошок, эмгек, сүйүү, бешик, оюн, көрүшүү ырларында, айтыш жанрларында өзгөчө өнүккөн. Төңкөрүштөн кийинки мезгилде атуулдук (жарандык), интим, пейзаж лирикасы кыргыз поэзиясынын негизги жанры болуп, көп түрдөгү тематикада, ар кыл мазмунда жана стилде өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз адабияты(энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004