Лисандр (т. ж. белгисиз — б. з. ч. 395) — спарталык кол башчы.

  • Пело­поннес согушу (б. з. ч. 431—404) бүтөрдө көтөрүлгөн.
  • 407-ж. Спарта флотунун командачысы болуп, Нотий тумшугунда афинылыктарды жеңген.
  • 405—404-ж. Лисандр Афиныны деңиз жактан курчап, өздөрү каалаган шартта түзүлгөн келишимге кол койдурган.
  • Афиныдагы демокр. түзүлүштү жоюп, «Отуз зулум» деген ашынган олигархиялык өкмөт түзгөн.
  • Жеке бийликке умтулушунун кесепетинен командачылыктан бошотулган соң (404- жылдан кийин), Коринф согушунда спарта отрядына командалык кылып, Алиартос шаарында беотилерге каршы салгылашта курман болгон.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.