Листер, Жозеф (5. 4 1827, Аптон, Эссекс—10. 2. 1912, Уолмер, Кент) — англ, хирург. Хирургияга антисептиканы киргизип белгилүү болгон.

  • 1852-ж. Лондон университетин бүткөн. Глаз­го (1860), Эдинбург (1869) жана Лондондо (187782) хирургия проф., 1896-жылдан Лондон королдук хирур­гия коомунун пред-ли.
  • Лондон ко­роль коомунун президенти (18951900). Н. И. Пирогов, И. Ф. Земмельвейс, Л. Пастердин эмгектери жана өзүнүн (1867-ж.) изилдөөлөрүнүн негизднде операциядан кийин өлүмдүн көбөйүшүнө жараатка кирген тирүү инфекция себепкер деп түшүнүк берип, аны менен күрөшүүнүн теориялык методун иштеп чыккан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.