Литография (грекче lithos – таш, grapho – жазам, тартам) – көркөм сүрөт искусствосунда кеңири тараган таш (катуу акиташ) же аны алмаштыруучу металл пластинка (цинк, алюминий) менен иштөөгө байланышкан графикалык техниканын бир түрү. Л-ны сүрөтчү атайын майлуу литографиялык карандаш же атайын тушь менен бүртүктүү же тегиз беттүү таштын үстүндө тартып аткарат. Ташты кислота менен ойдургандан кийин (кислота таштын май тийбеген жерин оюп кетет) сүрөттү жууп салышат, анын ордуна типографиялык боёк менен таштын кислота тийбеген жерин сырдашат жана мурунку сүрөт тартылган жери толугу менен боёлуп калат, к. Жалпак басма макаласын. Боёкту валик менен сууланган таштын үстүнө сыйпашат, басма атайын станокто жүргүзүлөт. Литографиялык техниканын башка да аз колдонулуучу түрлөрү (хромолитография, асфальтта кырып тартуу, тушь менен жуу, таш гравюрасы) бар. Көп учурда ташта иштөөнүн ордуна түп нусканы атайын көчүрмө кагазда аткарышат (к. Автобиография макаласын). Бул учурда сүрөттү ташка сүрөтчүнүн жардамысыз эле түшүрө беришет. Кагаз менен иштөөдө күзгүлүк сүрөттөлүш менен байланышпаган автордук аткаруудагы кеңири эркиндик, сүрөттү кайра тартуудагы өтө тактык, көркөм каражаттардын чоң диапазону, техниканын салыштырмалуу жөнөкөй­лүгү, көп тираждуулук, арзандыгы жана башка Л. артыкчылыктарына кирет. XIX кылымдын аягында Германияда А. зенефельдер ойлоп тапкан Л. кылымдын экинчи чейрегинде кеңири тараган көркөм каражат болуп калды. Ал карикатура менен саясый сатиралык көрүнүктүү роль ойноду. Көркөм графиканын литографиялык техника менен аткарылган кээ бир өзүнчө чыгармалары да Л. деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү