Лифт (англ. lift – көтөрүү) – көп кабаттуу үйлөрдө, шахтада адамды жана жүктү жогору көтөрүп чыгаруучу, төмөн түшүрүүчү жабык кабина. Электрдик лифт чыгырык (блок) аркылуу өткөн болот аркан менен бир жагына кабина жана экинчисине каршы салмак илинген. Көтөрө турган жүктүн салмагы кабина менен каршы салмактын айырмасына барабар болуш керек. Лифт шахтанын жогору жагында жайгашкан электр мотору менен кыймылга келет. Гидравликалык лифт төмөн жагынан кабинанын астындагы домкрат менен тирелип көтөрүлөт. Азыркы автоматтык лифттер микропроцессорлор менен башкарылат жана ар кандай чакырууга жараша иш аткарат. Кабинанын эшиги кабаттын дал тушуна келгенде ачылат. Көк тиреген көп кабаттуу үйлөрдө экспресс лифт – төмөндөн жогорку кабатка чейин жеткирүүчү жана белгилүү кабатка чейин гана жеткирүүчү лифттер орнотулган. Ошондой эле жүргүнчү ташуучу лифт (жөнөкөй, тез жүрүүчү, оорукана лифти) жүк көтөрүмдүүлүгү 320–1600 кг, ылдамдыгы 0,5–7 м/с, ал эми жүк ташуучунуку (мис., дүкөндөрдө) 10 т, 0,18–0,5 м/с. Көтөрүү бийиктиги болжол менен 150 мден жогору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7