Лицзян шаарыКытайдын түштүгүндөгү шаар. Юньнань провинциясында. Цзиньшацзян (Янцзы жогорку агымында ушундайча аталат) дарыясынын алабында жайгашкан. Калкы 170,8 миң (2009; шаарга караган 4 уезд, анын ичинде 2 автомномиянын калкы менен бирге 1,2 млн). Автомобиль жолу аркылуу Куньмин, темир жол аркылуу Дали шаары менен байланышат. Аэропорту (шаардан 28 км) бар.

Лицзян.

Сун династиясы бийлик кылып турган мезгилде пайда болгон. 1996-ж. февралда болгон жер титирөөдө катуу жабыркап, тарыхый бөлүгүнөн башкасы кайрадан курулган. Шаардын эски бөлүгү (аянты 3,8 км2) Юйлуншань тоосунун этегинде 2400 м бийиктикте жайгашкан. Анда көптөгөн каналдар тармагы 354 көпүрөсү менен курулуп, көлмө жана кудуктар менен коштолот. Мин династиясы учурундагы курулуштар басымдуу. Көчөлөрүнө кооз таштар төшөлгөн. Эски шаардын түндүк бөлүгү – соода борборунда 3 ярустуу дарбазасы менен Сыфанцзе башкы аянты бар. Хейлунтань паркында Уфын пагодасы (1601), Шицзышань паркында 40 кипарис (жашы 800 жыл) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Жеңил, тамак-аш өнөр жай, курулуш материалдар өндүрүшү иштейт. Шаардын четинде жылкы асыроо, салт болуп калган кол өнөрчүлүк (күмүштөн, жезден зер буюмдар жасоо, терини өңдөп, ашатуу) өнүккөн. ИИИ, музей, Юйлуншань тоосунда астрономиялык обсерватория (3193 м бийиктикте; линзасынын диаметри 2,4 м; эң ири телескоп) бар. Ботаникалык бак (2680–4300 м бийиктикте, аянты 279 га; 4 миңден ашык бийик тоолуу флоранын түрү кездешет) уюштурулган. Лицзян шаарынын чеке-белинде көптөгөн археологиялык объектилер кездешет. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7