Ли Бай (экинчи аты Ли Тайбо; 701, азыркы Кыргызстан, Токмок шаары –762, Даньту) – кытай акыны. Акындын туулган жери жөнүндө эки божомол кездешет. Биринде ал Кытайдын Сычуань провинциясынын Цинлян кыштагында туулган делсе, экинчисинде байыркы Суябда, азыркы Токмок шаарынын жанында туулган деп айтылат. 900дөн ашуун лирикалык ырлары бизге жеткен, анын ичинде «Байыркы» циклинде, элдик ырлар жанрындагы ырларында (Юэфу), ыргактуу прозасында (фу), төрт саптык бир шилтемдеринде конфуцийлик рационализм даосизмге мүнөздүү жаратылыш менен жуурулушуу мотивдери менен айкалышкан. Дүйнөлүк поэзиянын классиги Ли Бонун ырлары элге жана аялдардын оор турмушуна жан тартууга, патриотизмге каныккан. Чыгармалары: Ли Бо. Тандалган ырлар. Б., 2001; Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы, Б., 2004.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7