Ли да-чжао (29. 10. 1889, Хэбэй провинциясы, Лаотин у.— 28.4. 1927, Пе­кин) — Кытайда марксизмди биринчи пропагандалоочу, Кытай компартиясын (ККП) негиздегендердин жана анын жетекчилеринин бири.

  • Тяньцзиндеги Бэйян саясий-укук мектебинде (190713), Токиодогу Васэда университетинде (191316) окуган. 1918-жылдан Пекин университетинин китепканасына башчылык кылып, саясий экономиядан лекция окуган.
  • Улуу Окт. соц. рев-ясынын таасирн менен марксизм идеясын жана орус рев-ясынын тажрыйбасын пропагандалаган, өзү редакторлогон басма сөздө («Синь цин-нянь», «Мэйчжоупинлунь») реформачыларга, анархисттерге ж. б. кар­ты күрөшкөн.
  • 1919-жылдагы антиимпер. «4-май» кыймылынын. ККП түзүлгөндөн анын Тун. кытай бюросунун жетекчиси 1919-жылдан ККП-нин мүчөсү. ККП менен Сунь Ят-Сен башкарган гоминьдан партиясын кызматташтырууда чон роль ойногон. Кытай тилинде В. И. Ленин дин өмүр баянын жазган.
  • Коминтердин 5-конгрессинде (1924, Москва) ККПнин делегациясын башкарган. 1926-ж. куугунтукталып, 1927-ж. апрелде ми­литарист бийликчилер өлтургөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.