Лозанна конференциясы (1922–23) – Түркиядагы чет элдик ишмер интервенциянын кыйрашы жана «Кемал революциясынын» жеңишинен кийин Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу үчүн чакырылган эл аралык жыйын. Ал 1922-ж. 20-ноябрдан 1923-ж. 24-июлга чейин Лозанна шаарында (Швейцария) өткөн. Улуу Британия, Франция жана Италиянын демилгеси менен чакырылган. Лозанна конференциясына Грекия, Япония, Сербдер, хорваттар, словендер королдугу, Румыния, АКШ (байкоочу катары), Түркия катышкан. Конференцияда советтик жана Болгария делегациялары Кара деңиз кысыктары боюнча маселелерди талкуулоо менен гана чектелген. Албания, Бельгия, Испания, Португалия, Нидерланд, Норвегия жана Швеция өкүлдөрү экон. айрым маселелерди талкуулашкан. Лозанна конференциясынын негизги максаты – Түркия менен тынчтык келишимди даярдоо жана Кара деңиз кысыгынан кеме жүрүү тартибин аныктоо болгон. Бул маселе боюнча советтик делегация Түркиянын талабын канааттандыруу, согуш жана тынчтык мезгилдерде аскер кемелеринин жүрүшүнө тыюу салуу, соода кемелеринин эркин сүзүшүн камсыз кылуу зарылчылыгын жактаган. Бирок Aнтантa державаларынын колдоосуна таянган Улуу Британия ага каршы болуп, Кара деңиз кысыгын демилитарлаштырып, анын үстүнөн эл аралык контроль жүргүзүп турууну талап кылган. Лозанна конференциясы 1923-ж. 24-июлда Лозанна тынчтык келишимине (1923) кысыктардын тартиби жана башка жөнүндө конвенцияга жана 17 документке кол коюу менен аяктаган. 1923-ж. 24-июлда конвенцияга Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Грекия, Румыния, Болгария, Сербдер, хорваттар, словендер королдугу, Түркия, 1923-ж. 1-августта СССР өкүлү кол койгон. Конвенция боюнча Босфор жана Дарданелл кысыктары бардык мезгилде соода жана аскер кемелери үчүн ачык деп жарыяланган. СССР бул конвенцияны ратификациялаган эмес. Лозанна конференциясы 1936-ж. Монтрё конференциясы (1936) иштеп чыккан конвенция менен алмаштырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7