Лозанна тынчтык келишими

Лозанна тынчтык келишими (1923) – Лозанна конференциясын (1922–23) жыйынтыктаган документ. Ага бир тараптан Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Греция, Румыния, Болгария, Сербдер, хорваттар, словендер королдугу жана экинчи тараптан Түркия 1923-ж. 24-июлда кол койгон. Бул келишим боюнча Осмон империясынын кулашы укуктук жактан ырасталып, Түркиянын аймагы анын азыркы чек аралары менен гана чектелген. Лозанна тынчтык келишиминин шарты боюнча Түркия Измир жана Чыгыш Фракияны өзүнө кайтарып алып, араб провинциялары жана Эгей (Имброс менен Тенедос аралынан сырткары), Жер ортолук деңиздердеги аралдардан баш тарткан. Лозанна тынчтык келишимине ылайык Түркиянын үстүнөн эл аралык финансы контролу жоюлуп, Түркия Оттоман (Осмон империясынын тышкы карызы) карыздарынын айрым бөлүгүн төлөөгө макул болгон. Лозанна тынчтык келишими Кемалчылардын революциясынын натыйжасында пайда болгон көз каранды эмес түрк мамлекетин таанып, Севр тынчтык келишимин (1920) жокко чыгарган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7