Күрөөкана– кыймылдуу мүлктү күрөөгө алып, кыска мөөнөткө жарандарга карыз акча берген жана буюмдарды сактаган атайын кредиттик уюм. Күрөөканалар түрүнө карата күрөөгө баалуу металлдарды, турмуш-тиричилик буюмдарын, автоунаа жана башкаларды алат. Күрөөгө коюлган буюмдарды баалоо эки жактын макулдашуусу менен болот. Мүлк ээсине (зайым алганга) келишим түзүүдө керектелүүчү акча каражаты жана тийиштүү күрөө билети ыйгарылат. Эгер ломбарддан алынган ссуда убагында төлөнбөсө, күрөөгө коюлган буюм ломбарддын ээлигине өтөт. Күрөөкана алгач 15-кылымда Францияда күрөөкана(Италия) сүткорлор тарабынан түзүлгөн, ал эми муниципиалдык күрөөкана 16-кылымда Нюрнбергде пайда болгон. Күрөөкана насыя берилген суммага пайыз эсептелинет. Сактоого берилген (зайым албай) буюмдар үчүн пайыз алынбайт, тийиштүү кызмат акы гана төлөнөт. Күрөөкананын бул түрү Европа өлкөлөрүндө кеңири тараган. Кыргызстанда күрөөкананын кызматын көпчүлүк кардарлар пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7