Лосостор (лат. Salmonidae) – лосось сымалдар түркүмүнүн тукуму. Денеси түрпү менен капталган. Тузсуз сууларда жашоочу жана өтмө балыктар. Тузсуз сууда гана көбөйөт. Тынч океан лососу жана айрым башка лосостор өмүрүндө бир гана жолу өрдөп, жумуртка таштайт жана андан кийин өлөт. Тукумчул эмес. Көбүнчө кумдуу, шагылдуу же таштуу суу түбүнө уя салат. Лосостордун 6 уруусу (тынч океан лососу, таймендер жана башка) бар. Алар Атлантика жана Тынч океандын Түндүк бөлүгүндө, Түндүк Муз океандын алаптарындагы сууларда, Арал, Каспий, Кара деңиздерде кездешет. Тынч океан лососунун 7 түрү Тынч океандын түндүк алаптарында жана Түндүк Муз океанга куйган сууларда кездешет. Маанилүү промысел объектиси. Саны азайып кеткендиктен, 11 түрү жана түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7