Луганск (укр. Луганськ; 1935–58 жана 1970–90-ж. Ворошиловград) – Украинадагы шаар. Луганск облусунун административдик борбору. Лугань жана Ольха дарыясынын кошулган жеринде жайгашкан. Калкы 434,8 миң (2010). Темир жол тоому. Донбасстын машина куруу өнөр жайынын ири борбору (заводдору: «Луганский теплостроительный завод», «Динамо», «Углеприбор», щелочтуу аккумулятор жана башка ). Куур чыгаруучу завод, жеңил (нооту комбинаты, трикотаж, бут кийим, тигүү), жыгач иштетүүчү, химия, фармацевтика, тамак-аш–татымал, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Төрт ЖОЖ, 3 театр, музейлер (анын ичинде край таануу, сүрөтчү В. И. Далдын) бар. Шаар 1795-ж. негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7