Луи Филипп I (6. 10. 1773, Париж – 26. 8. 1850, Улуу Британия, Клэрмон) – Франция королу (1830–48). Бурбондор династиясынын Орлеан тукумунан. 18-кылымда Улуу Француз революциясынын учурунда атасы герцог Филипп Орлеанский Шартр герцог титулунан баш тартып, Эгалите фамилиясын алган. 1792-ж. австриялыктарга каршы француз революциячыл аскер күчү менен Вальми жана Жемапе кыштагынын алдындагы салгылашууга катышып, 1793-ж. кайра Австрия тарапка өткөн. Ал Швейцария, АКШ, Сицилия жана башка мамлекеттерде эмиграцияда жүрүп, 1814-ж. Францияга кайтып келген. 1830-ж. Июль революциясынын жеңиши менен «француз королу» деп жарыяланган. 1848-ж. Франциядагы революцияда Луи Филипп I Улуу Британияга качып, ошол жерден өлгөн.

Луи Филипп I.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7