Лурия, Александр Романович

Лурия Александр Романович (3(16). 7. 1902, Казан—14. 8. 1977, Москва) — советтик психолог.

  • РСФСР ПИАнын (1947) жанa СССР ПИАнын (1968) анык мүчөсү.
  • 1945-жылдан МГУнун проф., 1967-жылдан МГУнун психол. факультетинин нейропсихол. кафедрасынын башчысы.
  • Казан университетинин коомдук илимдер факультетин (1921) жана Москвадагы 1-мед. ин-тту (1937) бүтүргөн.
  • 1924—34-ж. Л. С. Выготский менен бир­се психика маселелери боюнча иштеп, аффект процесстеринин психофизиол. методдорун иштеп чыккан.
  • 1931— 32-ж. Орто Азиянын айрым аймактарында социалдык-психол. экспери­мент изилдөө жүргүзүп, апын жыйынтыгын «Аң-сезимдин тарыхый өнүгүшү жөнүндө» (1974) деген китебинде баяндаган.
  • Лурия нейропсихологияны негиздөөчүлөрдүн бири.
  • Психикалык функциялардын бузулушун изилдеген. Лурия ил. психологиянын Эл аралык союзунун вице-президенти (1969—72), АКШ Улуттук ИАнын чет өлкөлүк мүчөсү (1968).
  • Анын эмгектери чет тилдерге которулган.
  • Ленин ордени, «Ардак Белгиси» ор­дени жанa медалдар менен сыйланган.

Эмгектери.: Проблемы высшей нервной дея­тельности нормального и аномального ре­бёнка, т. 1—2, М., 1956—58; Мозг челове­ка и психические процессы, т. 1—2, М., 1963—70;

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.