Лусон аралыФилиппин архипелагынын эң чоң аралы. Аянты 105,6 миң км2. Жээктери батышында жана түштүгүндө булуң-буйткалуу. Рельефине тоолордун, тоо аралык жана жээк түздүктөрүнүн татаал айкалышы мүнөздүү. Бийиктиги 2934 мге жеткен (Пулог чокусу) тоолор басымдуу. Аракеттеги жанартоолору (Майон жана башка) бар. Климаты субэкватордук муссондук; тез-тез тайфун болуп турат. Айлык орточо температурасы түндүгүндөгү түздүктөрдө 23–25ᵒС, түштүгүндө 27–29ᵒС. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 2000–3000 мм. Дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө тропик токою, өрөөндөрүндө саванна өсүмдүктөрү өсөт. Жээк ойдуңдарында жана тоо аралык өрөөндөрүндө эл жыш отурукташкан. Шалы, кокос пальмасы, тамеки, жүгөрү, абака өстүрүлөт. Алтын, хромит, жез жана темир кенташтары бар. Лусондо Филиппиндин борбору – Манила шаары орун алган.

Лусон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7