Люминесценция лампасы - разряддын улътракызгылт көк нурунун таасири менен люминофорлордун жарык чыгарышы аркылуу жарык агымы аныктала турган газ разряддуу жарык булагы.

  • Кызытма лампага Караганда Люминесценция лампанын жарык чыгаруусу, иштөө мөөнөтү бир нече эсе көп болот, ошондуктан ал лампа зал, бөлмө, көчө ж. б. жерлерди жа­рык кылууда коп колдонулат.
  • Мындай жарык булагынын көп таралган туру — сымаптуу Люминесценция лампасы Ал ички бетине люминофор сыйпалган туюк тунук айнек түтүктөн турат.
  • Түтүктун бир жак учуна вольфрам зымынан спираль турундо электрод киргизилет.
  • Иштөө жөндөмүн жогорулатуу учун электроддун бетине карбонаттан же жегич-жер металлынын ото кычкылынан даярдалган оксид суспензиясы сүйкөлөт.
  • Сымап атомдорунун дүүлүгүү шартын жакшыртуу жанa лампанын иштөө мөөнөтүн узартуу максатында лампанын ичине бир тамчы сымап тамызылат жанa белгилүү санда инерт газдары (Ат, Ne ж. б.) толтурулат.
  • Люминесценция лампасын өзгөрмө ток булагы менен бириктиргенде, электроддор ортосунда электр тогу пайда бо­луп, ал сымап атомдорун дүүлүктүрөт да, жарыкты пайда кылат.
  • Ошол сымап буусунун басымы спектрдин ультракызгылт көк тармагынан интенсивдуу нур чыгарып, ал нур лам­панын люминофор катмарын жарык чыгартат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.