Ляодун булуңу - Сары деңизде, Кытайдын жээгинде, чыгышынан Ляодун жарым аралы менен чектешет. Узундугу 220 км, туурасы кире беришинде 175 км, тереңдиги 10–15 м. Кышында жээгинде калкыма муздар кездешет. Суткасына 2 жолу беймаал ташкындайт (бийиктиги 4,4 мге чейин). Инкоу жана Циньхуандао порттору бар.

Ляодун булуңу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7