Ляохэ дарыясыКытайдын түндүк-чыгышындагы дарыя. Узундугу 1430 км, алабынын аянты 231 миң км2. Чоң Инган жана Жэхэ тоолорунун ашташкан жеринен башталып, басымдуу бөлүгү Сунляо түздүгү аркылуу агат да, Сары деңиздин Ляодун булуңуна куят. Орточо чыгымы төмөнкү агымында 630 м3/секдан ашык. Негизинен жамгыр суусунан куралат; июль–августта кирип, декабрдан майга чейин тоңот. Ляохэнин алабында ташкын көп болот; 1935-ж. болгон алаамат ташкында 17 миң км2 жерди суу каптаган. Суу агымын жөнгө салып туруу максатында Ляохэнин алабында Дахофан, Эрлуншань суу сактагычтары курулган. Чатынан жогору 40 км аралыкка чейин деңиз ташкынын таасири этет. Шуанляо шаарына чейин кеме жүрөт. Чатынан ири деңиз порту – Инкоу орун алган.

Ляохэ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7