Маалыматты иштетүү циклы

Маалыматты иштетүү циклы (англ. Information processing cycle - Цикл обработки информации) Кандай гана компьютер болбосун, маалыматты иштетүүдө жалпы төрт аракет аткарылат. Бул аракеттерге киргизүү, иштетүү, чыгаруу жана сактоо кирет. Алар биригип маалыматты иштетүү циклын түзөт. Компьютерлерди туташтыруу менен, бул төрт аракеттин ар биринин аткарылышын тездетүүгө болот. Бул аракеттер биригип, компьютерде берилиштерди иштетүү менен маалыматтарды алуу жана аларды кийин пайдалануу үчүн сактап коюуну камтыйт.

Компьютерде иштетүү баштапкы чийки берилиштерди, атап айтканда, сандар, сөздөр, сүрөттөлүштөр жана үндөрдү киргизүү менен башталат. Иштетүү жыйынтыгында компьютер берилиштерден маалымат алат. Берилиштерден алынган маалымат тиешелүү мааниге ээ жана кийин колдонууга мүмкүн болгондой түргө келтирилет. Берилиштерди компьютерде иштете турган маалыматтык өндүрүш маалыматты иштетүү (information processing) деп аталат. Маалымат колдонууга ыңгайлуу документ же электрондук барак түрүнө иштелип чыгат жана кийин пайдалануу үчүн сакталып коюлат.

Түздөн-түз компьютерди же андан алынган маалыматты пайдаланган адамдарды компьютер колдонуучулары же колдонуучулар (user) деп атап коюшат. Компьютерге берилиштерди киргизүү, иштетүү, чыгаруу жана сактоо аракеттери өтө эле жөнөкөй болуп көрүнгөнү менен компьютердин кубаттуулугу ушул аракеттерден көз каранды болот. Анын так, ишенимдүү иштеши, берилиштерди жана маалыматтарды сактоо мүмкүнчүлүгү ушул аракеттер менен аныкталат. Компьютерди тармакка туташтырып киргизүү, иштетүү, чыгаруу жана сактоо аракеттеринин айрымдарын тармактын башка компьютерине бөлүштүрүү менен анын өндүрүмдүүлүгү жогорулатылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3