Маалыматты электрондук алмашуу

Маалыматты электрондук алмашуу (англ. Electronic Data Interchange (EDI) - Электронный обмен данными). Бир мекеменин компьютердик системи менен экинчисинин ортосундагы документтердин түздөн түз электрондук алмашуусун уюштурган колдонмо. Товарларга заказ же эсеп-кысап сыяктуу иш документтерин жиберүү үчүн чоң мекемелер МЭАни дайыма колдонушат. Өнөр жайлардын айрым тармактарында МЭА-продуктун керектөөчүлөрү менен болгон байланыш-катышта кайталануучу иштерди аткаруунун стандарттуу жолу.[1]

МЭА кагаз документтерине караганда төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:

  • кагаз каттамын кыскартат;
  • иштетүү чыгымдарын кыскартат;
  • документтерди жиберүүнү калыптандырат;
  • берилиштерди киргизүүдөгү каталарды азайтат, себеби, кабыл алуучу жакта маалыматтар кайрадан киргизилбейт. Айрым мекемелер татаал МЭА колдонмолорун иштеп чыгышууда, анда сатуунун же запастын деңгелине жараша заказдар автоматтык түрдө түзүлөт жана алар электрониканын жардамы менен сатуучуга жана клиентке жиберилет. Бүтүндөй процесс адамдын катышуусун талап кылбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3
  1. GSA үчүн EDI колдонуунун өзгөчөлүктөрү