Мавритания - Африканын түндүк-батышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Батыш Сахара, түндүк-чыгышынан Алжир, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Мали, түштүгүнөн Сенегал менен чектешип, батышынан Атлантика океаны менен чулганат (жээк сызыгынын узундугу 754 км). Аянты 1025,5 миң км2. Калкы 3,3 млн (2010). Борбору – Нуакшот. Административдик-аймактык жактан 13 областка (вилайетке) бөлүнөт. Акча бирдиги – угия. Административдик-аймактык бөлүнүшү (2009: Мавритания – БУУнун (1961), Африка союзунун (1963; 2002-жылга чейин Бириккен Африка уюму), Ислам конференция уюмунун (1969), Араб өлкөлөрү лигасынын (1973), ЭВФтин (1963), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. түзөтүү

Мавритания – унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Ал жогорку башкы командачы. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент. Жогорку палатасы – Сенат, төмөнкү палатасы – Улуттук Ассамблея. Аткаруу бийлигин президент башында турган өкмөт ишке ашырат. Башкаруучу саясий партия­лары: Демократиялык күчтөрдүн союзу, Прогрессивдүү күчтөрдүн союзу, Кайра жаралуу жана демократия үчүн республикалык партиясы, Улуттук прогрессивдик альянс ж. б.

Табияты түзөтүү

Атлантика океанынын жээгин деңиз боюндагы аккумуляциялык ойдуң ээлеп, ага жакын кумдуу тайыз жерлер, аралдар орун алган. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Батыш Сахаранын аккумуляциялык-денудациялык түздүктөрү ээлейт. Батыш бөлүгүндө жапыз (200 м бийиктикке чейин) катмарланган түздүк жайгашкан. Өлкөнүн борбордук бөлүгү аркылуу түндүктөн түштүктү карай дөңсөөлүү түздүктөрдүн жана платолордун (500–800 м) тилкеси (Етти түздүгү, Адрар жана Тагант супа платолору) созулуп жатат. Алардын үстүнкү бети таштак чөлдүү келип, тегерегиндеги түздүктөргө тик урчуктар менен барып кошулат. Мавританиянын чыгыш бөлүгүн кумдуу чөлдөр, түштүк бөлүгүн Сенегал дарыясынын аккумуляциялык аллювий түздүгү ээлейт. М Мавритания ын эң маанилүү кен байлыгы – темир кен ташы; Ошондой эле жез, алтын, шельфте – нефть, нефть-газ, өлкөнүн батыш бөлүгүндө цемент гипси, фосфорит, таш туз, күкүрт кендери бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө тропиктик чөл климаты өкүм сүрөт. Канар муздак агымынын таасиринен Атлантика океанынын кууш жээк тилкесинде эң суук айы – январдын орточо температурасы 18°С, эң жылуу айы – сентябрдыкы 24°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 50 ммден аз; жээктин түштүк бөлүгүндө, температура жайында 30°Сге чейин көтөрүлүп, жаан-чачындын өлчөмү 80–100 ммге чейин жетет. Океандан алыс жайгашкан аймактарда абанын орточо температурасы январда 16–20°С, июлда 30–32°С (максимуму 45°Сден жогору). Кургак чыгыш шамалы мүнөздүү. Жылдык жаан-чачыны 100 ммге чейин, түндүк-чыгышта 50 ммден да аз. Түштүгүндө субэкватордук климат өкүм сүрөт. Эң суук айы – декабрь же январда 23–24°С, эң жылуу айы – май же июнда 36°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм, эң жаанчыл болгондо 450 ммге жетет. Нымдуу сезону 2–2,5 айга созулат; ноябрдан июнга чейин жаан-чачын дээрлик жаабайт. Кышында түндүк-чыгыштан, Сахарадан ысык жана кургак харматан шамалы согот. Түштүк чек арасы аркылуу аккан Сенегал дарыясынан башка туруктуу аккан суусу жок. Мавританиянын жеринин басымдуу бөлүгүн суу менен камсыз кылууда жер астындагы суу пайдаланылат. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн (87%ин) топурак кыртышы дээрлик жокко эсе болгон Сахаранын кумдуу жана таштуу чөлдөрү ээлейт. Бул жерге сейрек өскөн дан өсүмдүк-бадалдуу жана эфемерлүү чөп өсүмдүктөрү (ашеб) мүнөздүү. Мезгил-мезгили менен суу аккан нуктарда (вади) акация, тамариск кездешет. Мавританиянын түштүк бөлүгүндө чөлдөшкөн саванна (сахель), ошондой эле Сахаранын түштүк чет-жакасынын жарым чөлү жана бадалдуу сейрек токою таралган. Атлантиканы бойлой кеткен чөлдөрүндө суккуленттер арбын. Мавритания жаныбарларга бай; сүт эмүүчүлөрдүн 60тан ашык, уялоочу куштардын 170тей, сойлоочулардын 70тей түрү бар. Чөлдөшкөн саванналарда ири туяктуулардан – антилопа, жейрен ж. б. кездешет. Мененын бүт аймагы кургакчыл келип (анда жылдык жаан-чачындын 35–70%и гана түшөт); сугатка суу көп сарпталат, натыйжада топурак кыртышынын кайталанма шорлонушу тездеп, деградацияланууда. Чөлдөшкөн саванналарга калк жыш отурукташып, сейрек токойлор жок болууда; жээк зонасында шаарлардын көп жайгашкандыгынан биологиялык ар түрдүүлүк азаюуда. Коргоого алынган табигый аймак өлкөнүн 1,7% аянтын ээлейт. Эң белгилүү улуттук паркы – Банк-д, Арген Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Калкы түзөтүү

Мавританиянын элинин басымдуу бөлүгүн (83,1%ин) маврлар (анын 1,5%и бедуиндер) түзөт; түштүк-батышында берберлер, тукулёр, фульбе, волоф, сонинке ж. б. улуттар жашайт. Калкынын 80%ке жакыны өлкөнүн түштүгүндө, негизинен Сенегал дарыясынын боюнда, Мали менен чектеш аймакта отурукташкан. Расмий тили – араб тили. Ошондой эле пулар, сонинке жана волоф тилдери да колдонулат. Ислам динин тутат. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 3,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы 60,4 жаш (эркектериники – 58,2, аялдарыныкы – 62,6 жаш). Төрөлүү өтө жогору (1000 кишиге 34,1 бала; 2009), ал эми өлүм-житим орточо деңгээли (1000 кишиге 11,6 адам). 100 аялга 93 эркек туура келет (2009). Шаар калкы 41,2%. Ири шаарлары: Нуакшот, Нуадибу, Киффа, Росо.

Тарыхы түзөтүү

Мавританияда байыртан эле Тропикалык Африкадан жер оодарып келген негроид расасындагы элдер жашаган. 11-кылымдын орто ченинде Мавритания аймагында Альморавиддердин күчтүү мамлекети түзүлгөн. 14–15-кылымда Мавританияда бийлик араб урууларына өткөн. 15-кылымда Мавританияга европалыктар келе баштаган. 19-кылымдын ортосунан француз колониячылар мавританиялыктардын айыгышкан каршылыгын басып, аны Француз Батыш Африканын курамындагы колонияга айланткан (1920). Мавритания элинин француз баскынчыларга каршы күрөшү 2-дүй­нөлүк согуштан кийин күчөп, өлкөдө алгачкы саясий партиялар – Мавритания ынтымагы (1946-жылы негизделген), Мавритания прогрессчил союзу (1947) түзүлгөн. Улуттук-боштондук кыймылдын күчөшү Франция өкмөтүн француз ынтымактын чегинде Мавританияга 1958-жылы автономия берүүгө мажбур болгон. 1960-жылы 28-ноябрда көз карандысыз Мавритания Ислам Республикасы жарыяланган. Мавританияны Мавритания элдик партиясы (МЭП) башкарган. 1961-жылдан БУУга мүчө. 1963-жылдан Мавритания Африкалык биримдик уюмунун курамында. 1975-жылы Мавритания Испания жана Марокко менен болгон макулдашуунун негизинде Батыш Сахара областын – Рио-де-Орону убактылуу башкарууга мүмкүндүк алган. Бирок аскердик куралдуу кагылышуулардын натыйжасында, 1978-жылы бийлик Улуттук кайра жаралуу аскер комитетине өткөн (1979-жылдан Улуттук сактап калуу аскер комитети – УСАК). 1984-жылы кан төгүүсүз төңкөрүштөрдөн кийин бийликке полковник Маауйя ульд Сиди Ахмед Тая келип, 2005-жылы 3-августта бийликтен кулатылган. Өлкөнү башкаруу Акыйкат жана демократия үчүн аскер советине (АДАС) өткөн. 2008-жылы 6-августтагы кезектеги аскер төңкөрүшүнөн кийин бийликке президенттик гвардиянын начальниги Мохамед ульд Абдель Азиз келген. Мавритания өкмөтү ички саясатында «өлкөнүн социалдык прогрессин жана улуттук биримдигин камсыз кылууну» көздөп, тышкы саясатында бейтараптыкты, бардык өлкөлөр менен кызматташтыкты жактаган, араб жана африка өлкөлөрүнүн биримдиги үчүн күрөштү колдогон.

Экономикасы түзөтүү

Мавритания – өнүгүп келе жаткан жакыр өлкө. Экономикасынын негизин – минералдык ресурстарды казып алуу, айыл жана балык чарбалары түзөт. ИДПнин көлөмү 6,8 млрд доллар (2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 2100 доллардан туура келет. ИДПдеги өнөр жай менен курулуштун үлүшү 46,7%, тейлөө чөйрөсүнүкү 40,8, айыл чарбаныкы 12,5 (2008). Мавритания 1960-жылга чейин агрардык өлкө болгон (калктын 80%ке жакыны көчмөн мал чарбасы менен кесиптенген). 1980-жылдан балык кармоо тез өнүгө баштаган. Мавританиянын экономикалык өнүгүүсүнө өзүнүн энергетикалык ресурстарынын жетишсиздиги жана инфраструктурасынын (анын ичинде транспортунун) начардыгы тоскоол болууда. Тоо-кен Өнөр жайында жана балык чарбасында чет өлкөлүк (Канада, Араб жана Батыш Европа өлкөлөрү) капиталдын позициясы күчтүү. Минералдык ресурстарды казып алуу ИДПнин 12%ин камсыз кылат. Атлантика океанынын шельфинен казылып алынган нефть толугу менен (700 миң тонна) экспорттолот. Өлкө өз керектөөсү үчүн импорттук (негизинен Алжирден) нефтини (1 млн тонна чамасында) пайдаланат. 2007-жылы 586,8 млн кВт.с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Темир кен ташын казып алуунун жана байытуунун мааниси зор (2000–09-жылдары жылына орто эсеп менен 11 млн тонна). Ошондой эле жез кен таштары (28,8 миң тонна), алтын, гипс, фосфорит, сал (чоң) туз казылып алынат. Өнөр жайынын башкы борборлору: Нуадибу (нефть ажыратуу, болот эритүү заводдору, балык иштетүү ишканалары), Нуакшот (курулуш материалдар, самын кайнатуу, кант рафинаддоо заводдору, алкоголсуз ичимдиктер, нан-кондитер ишканалары) ж. б. Өлкөнүн 0,2% жери иштетилет. Дыйканчылыкка мүнөздүү аймактары: Сенегал дарыясынын өрөөнү, Сахел зонасы жана Сахара оазистери. Негизги айыл чарба өсүмдүгү – күрүч, ак жүгөрү (сорго), курма, жүгөрү. Ошондой эле буурчак, таруу, жер жаңгак, жашылча өстүрүлөт. Кой, эчки, бодо мал, төө асыралат. Балык жана деңиз продуктулары негизинен Сенегал дарыясын, жана Атлантика океанынын жээгинен кармалат. Транспорттун негизги түрү – автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 10,3 миң км. Каэди – Мбут – Селибаби автомагистралы курулууда (2010). Жалгыз Нуадибу – Зуэрат темир жолунун Узундугу 853 км (негизинен темир жана жез концентраттары ташылат). Нуакшот – Каэди темир жолун куруу долбоорлонууда (430 км). Деңиз порттору: Нуадибу, Кансадо, Нуакшот. Нуакшот жана Нуадибу шаарында эл аралык аэропорттору бар. Экспортко темир, балык жана деңиз продуктуларын, нефть, жез концентратын, алтын чыгарат; негизги кардарлары: Кытай, Франция, Италия, Испания, Япония, Нидерланд, Бельгия, Кот-д’Ивуар. Сырттан (Франция, Кытай, Испания, АКШ, Бельгия, Бразилиядан) машина жана анын жабдууларын, нефть жана нефть продуктыларын, азык-түлүк жана күндөлүк керектелүүчү товарларын сатып алат. Билим берүү реформасы 1999-жылдан башталып, мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, 7 жылдык билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 55,8%ти түзөт (2007). Араб, француз тилдеринде гезиттери чыгат. Улуттук радио, телеберүүлөрү француз, араб жана жергиликтүү элдин тилинде, ошондой эле Улуттук маалымат агенттиги (1975) иштейт. Мавритания адабияты араб жана француз тилдеринде жазылган. 19-кылымда акындардын биринчи поэтикалык антологиясын Сид Ахмед ибн Амин аш-Шингит түзүп, 1911-жылы жарыкка чыккан. 20-кылымда араб тилдүү адабиятында негизги орунда поэзия турган (Сид Мохаммед ульд Бамб ж.б.). 20-кылымда поэзия, драматургия жана роман жанрлары пайда болгон. Неолит дооруна тиешелүү аскага тартылган сүрөттөр, петроглифтер Мавританиянын байыркы искусствосунун болгондугун далилдейт. Орто кылымдарда Мавритания аймагында арабдык-бербердик маданият өнүккөн. 20-кылымда Мавританияда европалык типтеги имараттар курулган. Өзгөчө тери иштетүү өнүккөн. 2004-жылы Нуакшот шаарында франциялык маданий борбордун колдоосу алдында көчмөн элдердин музыкасынын 1-эл аралык фестивалы өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү