Маврлар, мавританиялыктар, бейдандар (грекче maurjs – кара) – 1) Мавританиянын жергиликтүү (араб-берберлер) калкы. Сенегал (120 миң), Батыш Сахара (240 миң), Мали (160 миң), Марокко (30 миң), Нигер (155 миң), Гамбия жана Гвинеяда да жашашат. Жалпы саны 3 млнго жакын (2010). Араб жана француз тилдеинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-сүннөттөр. Маврлардын ата-бабалары 1-миң жылдыктын ортосунда Мавританияга жер которуп келген бербер уруулары – санхажа жана гетулдар. 11-кылымдан маврларда исламдаштыруу жана арабдаштыруу процесси башталган. Маврлар 19-кылымдын ортосунан Франциянын колониясына айланган. 1960-жылы маврлар көз карандысыз Мавритания Ислам Республикасына ээ болушкан. Негизги кесиби – мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк, 2) Шри-Ланкадагы эл (ларакаллалар). Саны 1250 миң. Тамил, сингал жана араб тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-сунниттер. Маврлар – 7-12-кылымдагы араб отурукташкандарынын тамил жана сингалдар менен аралаш никелеринин тукумдары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү