МагдаленаКолумбиядагы дарыя. Узундугу 1612 км, алабынын аянты 260 миң км2. Борбордук Кордильерадан башталып, Наре шаарына чейин Борбордук жана Чыгыш Кордильера тоо аралык ойдуңу, андан ары Кариб бою ойдуңу аркылуу агып, Кариб деңизине дельтаны пайда кылып (аянты 2300 км2) куят. Ортонку агымы босоголуу. Башкы куймалары: Каука, Сан-Хорхе. Орточо чыгымы 8–10 миң м3/сек. Барранкилья шаарынан Ла-Дорада шаарына (880 кмге жакын) чейин үзгүлтүксүз, Онда шаарынан Нейвыга (370 км) чейин суу киргенде чакан кемелер жүрөт. Төмөнкү агымында Картахена порту менен байланыштырган кеме жүрүүчү канал курулган.

Магдалена.

Колдонулган адабияттар түзөтүү