Магма кендери – Жер кыртышынын терең бөлүгүндө магма сууй баштаган мезгилде, андан өзүнчө бөлүнүп, пайда болгон кен таштар. Өнөр жайына өтө керектүү минералдарга (темир, хром, ванадий, никель, жез, алмаз ж. б.) бай келет. Магма тектеринин ичинде же анын чет жакаларында жайгашып, ар кандай формада кездешет. Магмма кендери төмөнкү жолдор менен пайда болот: 1) магма сууй баштаганда бири-бирине кошулбаган силикаттуу жана кен таштуу эринди келип чыгат. Мындай процесс ликвация, ал эми андан пайда болгон кендер ликвациялык кен таштар деп аталат. Буга курамында кобальт, платина бар жез-никелдүү кен таштар кирет; 2) магма толук ката элек кезинде кээ бир минералдар магманын астына топтолуп, кристаллдаша баштайт. Мындай жол менен пайда болгон кендерди сегерегациялык же аккумуляциялык кен таштар деп атайт. Хром, титан, темир, кимберлит түтүкчөлөрү менен байланыштуу болгон алмаз кендери ушундай жол менен келип чыгат; 3) газга каныккан магма акырындык менен сууп, кристаллдаша баштаганда андан бөлүнүп чыккан газдар, суу буулары менен бирге кээ бир баалуу минералдар топтолот. Натыйжада гистеромагмалык же соңку магмалык кен таштар – хром, титан-магнетит, апатит, ниобий, тантал пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү