Магнетрон [гр. magnetis — магнит жана (элек)трон] —- магнит талаасындагы (талаа диоддун огу боюнча багытталат) коаксиаль цилиндр түрүндөгү диод; өтө жог. жыштыкта иштөөчү генератордуу электр вакуум прибо­ру.

«Магнетрон» терминин амер. физик А. Халл киргизген, ал 1921-ж. Магнетрондун статикалык режимде иштешин теориялык жана эксперименттик изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялап, Магнетрондун бир топ конструкцияларын су- нуш кылган. 1936—37-ж. Магнетрон А. БончБруевичтин жетекчилпги менен сов. инженерлер Н. Ф. Алексеев, Д. Е. Маляров бир нече резонатордуу массивдүү жез блогун анод катары колдонушуп, Магнетрондун кубаттуулугун (9 см толкундагысын 300 втка чейин) чоңойтушту. Мындай конструкция көп резонатордуу Магнетрон деп аталат. Азыр коп өлкөнүн илпмпоздору М-дун конструкциясына көптөгөн түзөтүү Кир­гизии, Магнетрондун миңден ашык эң сонун типтерин иштеп чыкты. Магнетрон радиолокаторлордо, самолёттун радио аппараттарында, метеорологиялык станцияларда ж. б. тармактарда колдо­нулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.