Маданий өсүмдүктөр (агромаданияты) — айыл чарбада тамак-аш, даары-дармек, малга тойут даярдоодо же башка бир максатта адам өстүргөн өсүмдүктөр айтылат.

Жүзүм жаңы кезинде жээлет жана андан шире, шарап, меиз дайындалат.

Өстүрүлүп Жаткан Өсүмдүктөрдүн Номенклатуралык Эл аралык Кодуна таянсак азыркы учурда маданий өсүмдүктөр үч категорияга бөлүнөт. Алар: түр, грекс (бир гана орхидея сымалдарга тийиштүү), жана топ.[1].

Маданий өсүмдүктөр аргындоо (гибридтөө), ылгоо (селекциялоо), ген инженерия жолдору менен алынган. Жапайы өсүмдүктөрдү маданий өсүмдүкө айлантуу максатында изделип жатып, маданий өсүмдүктөрдү изилдөө, пайдалануу борборлору пайда болгон. Вавилов Н. И 1926—1939 жылдары чогулган билиминде жети маданий өсүмдүктөрдүн пайда болгон борборлорун тактап кеткен. Кооздук өсүмдүктөр түрүнөн айырмаланып, маданий өсүмдүктөрдүн табигый аймагы жок.

Маданий өсүмдүктөрдүн классификациясы түзөтүү

Сүрөттөр түзөтүү

Дан өсүмдүктөрү түзөтүү

 
Буудай баардык жылуу жай, жумшак кыштуу аймактарда эгилет.
 
Күрүчтү жылуу, нымдуу климаты менен айырмаланган аймактарда өстүрүшөт, мисалы Кытайда

Талаа эгиндеринин эң маанилүүсү дан өсүмдүктөрү. Дүйнөнүн айдалган жерлердин 4/3 бөлүгүнө кара буудай, буудай, күрүч, жүгөрү, сулу, сорго жана таруу эгилген. Дээрлик бүтүндөй жер шарында буудайды эгишет, анткени ал күнүмдүк эң негизги азыгыбыз. Түшүмдүн бир азы, малга тойут болот. Күрүч да негизги дан азыгы, себиби көптөгөн Азия мамлекетеринин күнүмдүк тамак-ашында көп пайдаланылат. [2].

Түшүм жыйноо түзөтүү

Комбаин буудайды автоматтык түрдө кесип, элеп, сапырып сатыка даяр кылып берет. Атайын учтар аркылуу түрдүү өсүмдүктөрдү чогултса да болот анын ичинде соя, жүгөрү. Бирок, бир топ өнүкпөй калган жана өнүгүп келе жаткан мамлекетерде баарын же жарым ишти кол күчү менен ишке ашырат.

Өсүмдүктөрдүн жапайы теги түзөтүү

Бүтүндөй маданий өсүмдүктөрдүн түпкү теги жапайы өсүмдүктөр. Аргындаштыруу (селекция), атайын жер дайындоо, жер алмашыруу, башка климатка которуу жолдорунун натыйжасында өзгөчө мол түшүм бере башташкан. Кээ бир өсүмдүктөр абдан эле өзгөрүп, азыркы учурда түпкү тегин аныктоо өтө эле кыйынчылыкты жаратат. Айдоо аянтардын көбөйүүсү менен түшүмдү көбөйтүү максатында, жер семирткичтер пайдаланылып, инсектицид жана фунгицидтерди зыян курт-кумурска, чөптөр менен күрөшүүгө колдону башталган. Жапайы өсүмдүктөрдү колго асыроо бир убакта, Эски жана Жаңы жерде бирдей биздин заманга чейин 7 — 8 миң жылдыкта башталган. Колго көндүрүү процесси беш континетте тең бирдей, бири-бирине байланышы жок өнүкөн. Албетте, бөтөнү жок, жергиликтүү өсүмдүктөрдөн башталган.

Тамыр азыктуулар түзөтүү

Негизги маданий өсүмдүктүрдүн ичинен тамыр азыктуулар да чоң ролду ойнойт. Европада картөшкө көп эгилсе, Африкада - ямс жана маниока[2].

f түзөтүү

  1. Маданий өсүмдүк
    ISBN 978-90-6605-662-6
  2. 2.0 2.1
    Маданий өсүмдүк
    ISBN 5-88215-872-9